Орусиянын космостогу ийгиликсиздиктери

Орусиянын Эл аралык космостук станциясынын орбитасын дагы бир аз жогорулатуу киришүүсү ийгиликсиз болду.

278045
Орусиянын космостогу ийгиликсиздиктери

Орусиянын космостук өнөр жайы акыркы убактарда удаама-удаа ийгиликсиздиктерге учурап жатат.
Орусиянын Эл аралык космостук станциясынын орбитасын дагы бир аз жогорулатуу киришүүсү ийгиликсиз болду.
Андан бир канча саат өтпөй орус ракетасы менен учуралган Мексиканын спутниги Сибирге кулап түштү.
Орусиянын карамагындагы «Байкоңур» станциясынан учурулган Мексиканын спутниги, алгачкы эки ракетадан бөлүндү бирок жерден 161 чакырым алыстаганда үчүнчү ракетадан бөлүнө алган жок. Спутник учкандан көп өтпөй жерге кулап түштү.
Мексикалык башкаруучулар кабарлашуу спутнигинин камсыздоосу бар экендигин белгилешип, акчаларын кайтарып ала тургандарын билдирди.
Орусия бул окуялардан кийин ийгиликсиздиктин себебеи белгилегнгенге чейин спутник учурууну токтотууга чечим чыгарды.
Космоско алгач ирет адамды учурган, алгачкы спутникти учурган өлкө Орусия, бул иштен миллиондогон доллар таап жатат.
Спутник түшөөрдөн бир канча саат мурда Эл аралык космос станциясынын багытын өзгөртө турган Станцияга байланыштуу унаанын моторлору иштебей койгон. Эл аралык космостук станциясынын орбитасын бир аз дагы жогорулатуу аракети, ушул себептен натыйжа берген жок. Станциядагы космонавттардын өлүм коркунучу жок. 3 тонналык материал ташып бараган ракета да өткөн апрель айында Эл аралык космостук станцияга кошула алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар