59 киши каза болду
Сирияда режим күчтөрүнүн кол салуусунда 59 киши каза болду
Сирияда Асад күчтөрүнүн түрдүү шаарларда оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарга кургактан жана абадан жасаган кол салууларында 59 киши каза болду. Сирия Адам Укуктары Уюмунан жасалган маалыматта режим күчтөрүнүн оппозициячылдардын көзөмөлүндө болгон аймактарга абадан «баррель жана вакум» бомбалары менен кургактыктан болсо ракета жана пулемет октору менен кол салганы белгиленди. Ошол эле учурда Фатх армиясына караштуу бөлүктөр борбор шаар Дамасктын Каламун аймагында жасалган кол салууларда режим күчтөрү тарабында согушкан Ливандагы Хизбуллах мүчөсү 2 кишини өлтүрдү. Асад күчтөрү менен куралдуу оппозициячылдардын арасында кээ кээде катуу кагылышуулар болгон Каламунда режим күчтөрү тарабында согушкан көп сандаган Хизбуллах терроистти бар.