Непалдагы экинчи жер титирөөдө 60тан ашуун киши каза болду

Непалдагы жер титирөө Индиянын борбор шаары Делиде жана Бангладеште сезилди

273380
Непалдагы экинчи жер титирөөдө 60тан ашуун киши каза болду

Непалда шейшемби күнү болгон 7, 3 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 60тан ашып, 1100дөн ашуун киши жараланды. Абдан чоң коркуу жараткан жер титирөөдө каза болгондордун санынын көбөйүүсүнөн санааркоолор болууда. Жер көчкүгө жол ачкан жана имараттарды кулаткан жер титирөөдөн кийин куткаруу иштери улантылууда. Жоготуулардын көпчүлүгүнүн Намче базар терегегиндеги кыштактарда болгону кабар берилди. Куткаруу тик учарлары жер көчкүлөр болгон тоолуу аймактарга жиберилди. Непалдагы жер титирөө Индиянын борбор шаары Делиде жана Бангладеште сезилди. Индияда 17 киши каза болду.
Непалда 25 - апрелде 7, 8 баллдык жер титирөөдө 8 миң 150дөн ашуун киши каза болуп, 17 миң 800дөн ашуун киши да жараланган. Түркия Непалда болгон жер титирөөдө ондогон кишинин каза болуусу себеби менен бул өлкө жана Индияга көңүл айтты. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Жапа тарткандар үчүн чукул гуманитардык жардамдарды жеткирүү максатында мекемелерибиз даяр, аталган өлкө мекемелерине билдирилди»,- деп айтылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар