Керри - Путин - Лавров жолугушуусу

АКШ жана Орусия Украина кризиси чыккан 2013 - жылдан бери жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн эч кандай жыйынтык ала албай жатат

273286
Керри  - Путин  -  Лавров жолугушуусу

АКШнын мамлекеттик катчысы Керри жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Орусияда президент Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Керри оң өткөн жыйындардан кийин Twitter эсебинен берген маалыматта Путин жана Лавров менен Иран, Сирия жана Украина сыяктуу негизги темаларда жакын жолугушууларды өткөрүшкөндөрүн белгиледи. Керри айрыкча АКШ жана Орусиянын ылдам түрдө колго алынуусу керек болгон глобалдык темалар менен алектенишкендиктен эки өлкөнүн ортосундагы байланыш каналдарынын ачык кармалуусунун маанилүү экенин белгиледи. Керри кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушкандан кийин берген маалыматында тараптар келише албаган маселелерде бири бирин дагы жакшы түшүнүү мүмкүнчүлүгүн тапканын баса белгиледи.
Лавров болсо Керриге Украина кризисинде орус тарабынын 12 - февраль Минск келишимине караштуулугунун маанисин баса белгиледи жана конституциялык реформанын Украинада туруктуу тынчтыктын шартсыз экенин айтты. Жолугушуудан кийн Сирия тууралуу маалымат берген Орусиянын тышкы иштер министрлиги : «Тараптар Сирия тууралуу Дамаск башкаруусу жана оппозиция өкүлдөрүнүн ортосунда кенен масштабдуу саясий диалогдун баштатылуусу тууралуу аракеттердин улантылуусу керектигин аныкташты»,- деп айтылды.
АКШ жана Орусия Украина кризиси чыккан 2013 - жылдан бери жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн эч кандай жыйынтык ала албай жатат. Бирок Жон Керринин акыркы Орусия сапары жана оң өткөн сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн байланыштарды өнүктүрүүнү каалашынын бир белгиси катары каралууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар