Непалда жер дагы бир жолу силкинди

Непалда күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө болду.

271578
Непалда жер дагы бир жолу силкинди

25-апрелдеги апааттан кийин дагы бир жолу силкинген Непалда жер титирөөдөн 37 киши каза болуп, бир миңден ашуун киши да жаракат алды.
Индияда да катуу сезилген жер титирөөнүн себебинен Бихар провинциясында 4 киши каза тапты.
Жер титирөөнүн эпицентри Непалдын Кытай чек арасына жакын жердеги Намче базар айылы болду.
Американын Геологиялык изилдөө борбору жер титирөөнүн жердин 19 километр тереңдигинде болгонун билдирди.
Чаутара аймагын уруп өткөн жер титирөө борбор шаар Катмандуда да дүрбөлөңгө себепчи болду. Эл коркуп көчөлөргө чуркап чыкты.
Өлкөнүн борборундагы жалгыз эл аралык аэропорт учууларга жабылды.
Непалда 25-апрелдеги 7,8 баллдык жер титирөөдө 8 миңден ашуун киши каза болуп, 17 миң 800 киши да жаракат алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар