Непалда дагы бир жер титирөө катталды

Жер титирөөнүн күчү 7,1 баллга жетти.

270907
Непалда дагы бир жер титирөө катталды

Непалда дагы бир жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн эпицентри Кытай чек арасына жакын жердеги аймакта болду.
Американын Геологиялык изилдөө борбору жер титирөөнүн жердин 19 километр тереңдигинде болгонун билдирди. Жер титирөө Индияда да катуу сезилди.
Эл аралык Көч Уюмунун билдирүүсүндө, Чаутара шаарында айрым үйлөрдүн ураганы, 4 кишинин каза болгону белгиледи. Индиянын түндүгүндөгү Бихар провинциясында да бир киши каза тапты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар