Йемен эл аралык күчтөргө чакырык салды

Йемен өкмөтү өлкөнүн чоң бөлүгүн колго алган шиит хусилерге каршы эл аралык күчтөрдүн кургактык операциясын жүргүзүүсүн сунуштады.

266205
Йемен эл аралык күчтөргө чакырык салды


Сауд Арабияга баш калкалаган Йемен өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмуна кат жазып, өзгөчө порт шаар Аден жана Таиздин хусилердин колунан кайтарылып алынышы үчүн шашылыш операция уюштурушу керектигин билдирди.
Сауд Арабиянын борбор калаасы Риядда маалымат жыйынын өткөргөн Йемендин тышкы иштер министри Рияд Ясин да, шиит хусилердин Аденден көчүүнү каалагандарды замбирек менен аткылашынан 50дөн ашуун киши каза болгонун жарыялады.
Ясин хусилердин кыргындарынын токтотулушу үчүн коалиция күчтөрүн кыймылга өтүүгө чакырды.
Йеменде Иранды жактаган шиит хусилер менен президент Абдурраби Мансур Хадинин колдоочуларынын ортосунда кагылышуулар болду.
Хусилердин илгерилөөсүн токтотуу үчүн Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция 26-мартта «Чечкиндүүлүк шамалы» аттуу аба кыймылын баштаган.
Президент Хадинин чакырыгы менен башталып 21-апрелде соңуна чыккан операциядан кийин коалициялык күчтөр бул жолу Йемен калкы үчүн «Үмүткө кайтуу» операциясын жүргүздү. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар