Непал жер титирөөсүнөн бери 10 күн өттү

Непалдын бюджетинин төрттөн бир бөлүгү эл аралык жардамдар түзүүдө

262818
Непал жер титирөөсүнөн бери 10 күн өттү

Непалда 34 өлкөдөн 4 миң жардам кызматкери иштеп жатат. Бирок азыр да жардам жетпеген жерлер бар. Бир тараптан өлкөдөгү тарыхый жерлер жана курулуштар да чыгымга учурады. Ошол эле учурда БУУму дагы бир жолу чыгымдын баллансын билдирди. Ушуга караганда 7 миң 500дөн ашуун киши каза болуп, 14 миң 500дөн ашуун киши жараланган. Андан башка 28 миллион калктуу Непалда эң аз 8 миллион киши жер титирөөдөн таасирленди. Булардан 2 миллионго жакыны баш калкалоо, суу, азык – түлүк жана дары – дармекке муктаж.
Непалдык жетекчилер да каза болгондордун санынын 10 миңге чыгарын жарыялады. Ошол эле учурда эл аралык жардам мекемелери жер титирөөнүн абдан чоң чыгымга жол ачкан өлкөдө жугуштуу оору рискинин барган сайын өсүп батарканы көңүлдөрдү бурууда.
Эл аралык коом да Непалга жардам берүүнү улантууда. Европа Биримдиги өлкөгө 22 миллион 600 миң евролук жардам берерин билдирди. Ушуга караганда 16 миллион 600 миң евро түздөн түз өкмөткө өткөрүлөт; калган бөлүгү болсо чукул гуманитардык жардамдарда колдонулат. Биримдик айрыкча Непалга реформалар үчүн 360 миллион евролук өнүгүү жардамын берүүгө даярданууда. Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнөн Непалдын бюджетинин төрттөн бир бөлүгү эл аралык жардамдар түзүүдө.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар