Непалда жер титирөөдөн каза болгондордун саны көбөйүүдө

Урап калган имараттардын арасында дагы эле көп сандаган кишилер бар.

250361
Непалда жер титирөөдөн каза болгондордун саны көбөйүүдө


Непалда 7,8 баллдык жер титирөөдөн 1 миң 900дөн ашуун киши каза болуп, 5 миңге жакын киши да жаракат алды.
Урандылардын астында көп сандаган кишилердин бар экени жана ушул себептен каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экени билдирилди.
Урап калган имараттардын арасында жүздөгөн жылдык храмдар да бар.
Катмандудагы тарыхый мунаранын жер титирөөдө жер менен жексен болушунун себебинен 200 киши урандынын астында калды.
Аймакта издеп-куткаруу иштери уланып жатат.
Өлкөдө акыркы 81 жылдын ичинде болгон жер титирөөлөр, дүйнөдөгү эң бийик тоо Эверестте да кар көчкүгө себепчи болуп 17 киши каза болгон.
Жер титирөө коңшу өлкө Индия менен Бангладешке да таасирин тийгизди.
Индияда 51, Тибетте 17 жана Бангладеште эки киши каза болду.
Бул учурда Непалга ар кайсы өлкөлөрдөн жардам жөнөтүлүүдө.
Түркия жер титирөөдөн кийин аймакка биринчи баскычта 25 кишилик издеп-куткаруучу жана 10 кишилик медицина тобун жөнөттү.
Бүгүн дагы 45 кишилик издеп-куткаруучу топ менен бир медицина тобунун жер титирөө болгон аймакка жиберилүүсү пландалууда.
АКШ да Непалга гуманитардык жардам үчүн 1 миллион доллардык жардам менен куткаруучу тобун жөнөтсө, Индия 4 тонналык гуманитардык жардам ташыган бир учагын жиберди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар