Непалда 7, 9 баллдык жер титирөө болду

Термелүү коңшу өлкө Индиянын түндүгүндө да сезилди

249479
Непалда 7, 9 баллдык жер титирөө болду

*** Каза болгондордун саны тактала элек жер титирөө жан жоготууга жол ачты. Борбор шаар Катмандуда тарыхый бир мунаранын кулашы менен уранды астында калгандар бар.
*** Эпицентри борбор шаар Катмандунун 80 километр түндүк батышы болгон жер титирөө жердин бир гана 2 километр астында болду.
Жер титирөөдө алгачкы белгилөөлөргө караганда бирөөсү коңшу өлкө Индияда болуу менен эки киши каза болуп, ондогон киши жараланды. Термелүү катуу сезилген Катмандуда кээ бир имараттар кулады. Кулаган имараттардын арасында жүздөгөн жылдардан калган сыйынуучу жерлер да бар. Жер титирөөнүн айынан жараланган ондогон киши ооруканаларга жаткырылды. Rалк имараттардан чыгып көчөлөргө чыккан шаарда тынымсыз жер титирөөлөрдүн болуп турары боюнча эскертүү жасалды. Термелүү коңшу өлкө Индиянын түндүгүндө да сезилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар