Кытайдын төрагасы Пакистанда

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин расмий иш сапары менен Пакистанга барды.

244342
Кытайдын төрагасы Пакистанда

2006-жылдан бери бул өлкөгө сапар жасаган алгачкы Кытайдын төрагасы болгон Си Цзиньпин парламентте сөз сүйлөйт.
Пакистандын өнүгүү министри Ахсан Икбал Цзиньпиндин сапары убагында эки өлкөнүн ортосунда 30 миллиард доллардык энергетика келишимдери менен 17 миллиард доллардык соода, инвестиция жана базистик долбоорлорго кол коюла турганын билдирди.
Келишимдердин арасында эки өлкөнү бири-бирине байланыштыра турган Каракум өткөөлүнүн жаңыланышы жана Пакистандын электр энергия көлөмүнүн 8 миң мегаватт көбөйтүлүүсү да бар.
Кытайдын төрагасы Цзиньпин сентябрь айында пландаган Пакистанга сапарын, бул өлкөдөгү өкмөткө каршы митингдердин себебинен жойгон болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар