Орусия менен Украина макулдашты
Орусия менен Украинанын чек ара аймактарынан куралдарын чыгарып кетүү темасында макулдашкандары билдирилди.
Украинада ок атууну токтотуу үчүн иш-чаралар уланып жатканда өлкөнүн чыгышында жикчилдердин кол салуусунан украиналык 6 аскер каза болду.
Ок атпоо процесси болсо Германиянын борбору Берлинде талкууланды.
Франция, Орусия жана Украинанын тышкы иштер министрлери немис кесиптеши Франк-Вальтер Штайнмайердин жетекчилигинде чогулуп, февралда түзүлгөн Минск келишиминин ишке ашырылышы жана Украинадагы атышууларды токтотуу темаларын карашты.
Министрлер Украинанын чыгышынын оор куралдардан тазаланышы жана танкалардын аймактан чыгарылышынын ылдамдатыла турганын сөз кылышты.
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Орусия менен Украинанын чек ара аймактарынан куралдарын чыгаруу темасында макулдашкандарын билдирди.
Штайнмайер Минск келишиминен башка альтернатива жок экенин да айтты.
Бул учурда Канада өкмөтү 200 аскерин Украинага жөнөтөөрүн билдирди.
Жибериле турган аскерлер билим берүү жана машыгуу кызматтарын милдеттенип, Украинадагы Американын аскерлери менен жакын кызматташтык ичинде болот.
Тектеш кабарлар
Израилдин акыркы 24 саатта жасаган колс алуусунда 44 палестиналык каза болду
Израиль 20 - сентябрь жума күнү эртең менен Газа тилкесине көптөгөн абадан кол салууларды жасады.