Германияда Украина жыйыны...

Жыйындан кийин биргелешкен декларация кабыл алынды.

235367
Германияда Украина жыйыны...


Германия, Орусия, Франция жана Украинанын тышкы иштер министрлери Украинада ок атпоонун камсыздалышын көздөгөн Минск келишиминин ишке ашырылуусуна байланыштуу пикир алмашуу үчүн Берлинде чогулушту.
Министрлер Украинадагы абалга санааркагандарын сөз кылышып, кагылышуулардын 12-февралда кол коюлган Минск келишимине карабастан уланганын билдиришти.
Украинанын чыгышына гуманитардык жардамдын кантип жөнөтүлөөрү, туткун алмашуу жана шайлоолордун өткөрүлүүсү үчүн алдын ала шарттар сыяктуу темаларды да карашкан министлер жыйындан кийин биргелешкен декларация жарыялашты.
Декларацияда Украинада кагылышкан тараптарга ок атпоо чагырыгы кайталанып, саясий сүйлөшүүлөргө чакырылды.
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер жыйындан кийинки билдирүүсүндө: «Украина кризисинде эч нерсе оңой эмес»,- деп айтып, саясий диалогдон башка чечим табылбаганын баса белгиледи.
Украинанын чыгышында коопсуздук күчтөрү менен орусиячыл жикчилдердин ортосунда бир жылдан бери уланып келе жаткан кагылышууларда 6 миң киши көз жумду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар