Обама үй - бүлөсүнүн кирешеси

Обама жубу 2014 - жылы 477 миң доллар киреше тапкан

233523
Обама үй - бүлөсүнүн кирешеси

АКШнын президенти Барак Обама жана Мишель Обаманын жылдык кирешеси билдирилди. Ак үйдөн берилген маалыматка караганда Обама жубу 2014 - жылы 477 миң доллар киреше тапкан. Обама үй – бүлөсү 477 миң долларлык киреше үчүн 90 миң 362 доллар салык төлөгөн. Эң чоң кирешеси президенттик маянасы менен Обама бул кызматынан жылда 400 миң доллар киреше алууда. Обаманын айлык маянасынын тышында жуптун эң чоң киреше булагы болсо президент Обаманын 1995 - 2006 - жылдары жазган эки китебинин сатылуусунан тапкан кирешелери. Бирок берилген сандарга караганда Обаманын китептеринен алган киреше жыл өткөн сайын төмөндөп баратат. Бир тараптан Обама жубу өткөн жылы жалпы 33 жардам мекемесине 70 миң 712 доллар багыш берген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар