Украинада аскердик бөлүктөргө кол салуу болду

Кол салууда 15-февралдагы Минск макулдашуусунун талабы боюнча фронттон чыгарылышы керек болгон оор куралдар да колдонулду.

228043
Украинада аскердик бөлүктөргө кол салуу болду

Украинанын чыгышында  армия бөлүктөрүнө карай орусиячылдар кол салып 6 аскер каза болду.
Кол салууда 15-февралдагы Минск макулдашуусунун талабы боюнча фронттон чыгарылышы керек болгон оор куралдар да колдонулду.
Кол салуулардын алгачкысы Мариополдун Широкино районунун жанында болду. Укриананын аскерлери айдаган унаа өтүп бара жатканда жерге көмүлгөн минанын жарылуусунун айынан 2 аскер каза болду, 1 аскер жараланды.
Лугансктагы Түндүк Донецк дарыясынын үстүндөгү көпүрөгө жайгаштырылган алыстан башкарылуучу бомбанын жардырылышынан да аскердик жүк машинада бараткан 4 аскер каза болду.
Укриананын армиясы болсо ок атпоо процессине баш ийип жооп кайтарган жок.
Бир тараптан өткөн жылы борбор шаар Киевде болгон окуяларга катышкан радикалдык уюмдардан «Оң сектордун» лидери эл өкүлү Дмитрий Ярос Укриананын башкы штаб төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар