Путин Палестина мамлекетинин курулуусун колдойт

Путин Египеттин Шарм эл-Шейх шаарында башталган Араб лигасынын самммитине катышкан лидерлерге маалымат жөнөттү.

286373
Путин Палестина мамлекетинин курулуусун колдойт

Орусиянын президенти Владимир Путин Чыгыш Иерусалим борбор калаасы болгон, көз карандысыз Палестина мамлекетинин курулуусуна салым кошууну уланта тургандарын айтты.
Путин Египеттин Шарм эл-Шейх шаарында башталган Араб лигасына мүчө өлкөлөрдүн 26-самммитине катышкан лидерлерге да маалымат жөнөттү.
Путин анда палестиналыктардын борбор шаары Чыгыш Иерусалим болгон, жашалса боло турган жана көз карандысыз мамлекет куруу укугуна ээ экенин баса белгиледи.
Москванын эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана көп таратуу сүйлөшүүлөр жолу менен бул максатка жетилишине салым кошуусун уланта турганын билдирген Путин, араб дүйнөсүндөгү маселелердин тынчтыкчыл жолдор менен жана тышкы кийлигишүү болбостон чечилиши керектигин да баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар