«Союз» Эл аралык космостук станциясына конду

Станцияга конгон «Союз» космостук унаасында америкалык космонавт Скот Келли менен орус космонавттар Михаил Корниенко жана Геннадий Падалка бар

285316
«Союз» Эл аралык космостук станциясына конду

 Казакстандагы Байконур базасынан учурулган «Союз» космостук унаасы 6 саттык жолчулуктан кийин Эл аралык космостук станциясына конду.
Станцияга конгон «Союз» космостук унаасында америкалык космонавт Скот Келли менен орус космонавттар Михаил Корниенко жана Геннадий Падалка бар. Геннадий Падалка 6 айдан кийин кайтат, америкалык космонавт Келли менен орус космонавт Корниенко болсо станцияда бир жыл болушат. НАСА биринчи жолу космосто космонавттарды ушунчалык узун убакыт кармаган болот. Скот Келлинин эгизи космонавт Марк Келли болсо бул убакыттын ичинде НАСАда байкоо астында болот. Марк бул жерде ар түрдүү тажрыйбалардан жана физиологиялык текшерүүлөрдөн өткөрүлөт. НАСА бул тажрыйба менен космостун адам денесине тийгизген таасирин иликтейт. Космонавттардын тажрыйбасы Марска жасала турган учкучтуу учуулар жактан мааниге ээ болууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар