Нетаньяху өкмөт куруу менен милдеттендирилди

Өкмөттү круу үчүн 120 орундуу Израиль парламентинде 61 орундукка ээ болуу керек

282229
Нетаньяху өкмөт куруу менен милдеттендирилди

Израилдин президенти Реувен Ривлин өкмөт куруу милдетин 17 - марттагы шайлоодон биринчи болуп чыккан «Ликуд» партиясынын лидери Беньямин Нетаньяхуга берди. Ривлин : «Бардык партиялар менен кеңешип бүткөндөн кийин коалицияны куруу үчүн биринчи мүмкүнчүлүктү Израиль парламентинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн колдоосун алган талапкерге берүү чечимин чыгардым»,- деди. «Ликуд» 30 орундукка ээ болгон шайлоодо «Сионисттик Биримдик» 24, Бириккен Арап Тизмеси болсо 13 орунду алган.
Өкмөттү круу үчүн 120 орундуу Израиль парламентинде 61 орундукка ээ болуу керек. Үкөктөгү жыйынтыктарга караганда эч бир партия жалгыз өкмөттү кура турган добушту ала албагандыктан жаңы өкмөттүн да коалициядан туруусу керек.
Израиль мыйзамдарына караганда өкмөт куруу менен милдеттендирилген кишинин 42 күндүн ичинде коалиция түзүү ишин жыйынтыктоосу керек. Нетаньяху өкмөт курууда ийгиликсиз боло турган болсо президент бул милдетти башка бир депутатка берет. Экинчи депутат да ийгиликсиз боло турган болсо үчүнчү талапкер сунуштала алат. Бул баскычта да ийгиликтүү болбосо 90 күндүн ичинде кайрадан шайлоого барылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар