Йеменге карай аскердик операция башталды

Сауд Арабия хусилерге каршы аскердик операция баштады.

282226
Йеменге карай аскердик операция башталды

Шиит хусилердин ал өлкөдөгү илгерилөөсү Араб өлкөлөрүн кыймылга өткөрдү.
Сауд Арабия, 10 өлкөнүн катышуусу менен Аденде орун алган президент Хадини колдоого алыш үчүн хусилерге каршы аскердик операция баштады. Операцияда арасында аял жана балдар да болгон 13 киши каза болду.
Абадан бомбаланган борбор шаар Санада Дайлами аба базасы атылды, базадагы учак атуучу батареялар менен 4 согуштук учак талкаланды. Анда Сананын түштүгүндө орун алган хуси лагерлери да аткыланды.
Түркия убактысы боюнча саат 1:00де башталган операцияга Египет, Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт, Бахрейн жана Катар колдоо көрсөттү.
Операция жасалышын президент Абдурабби Мансур Хади талап кылган. Ак үйдүн жарыясында айрыкча Аль-Каиданын Йемен колунун коркунучтары байкала турганы, керек болгон учурда кыймыл кылына турганы белгиленди.
Бул учурда Түрк тышкы иштер министрлиги, аскердик операциянын алдында Йемендеги мамлекеттик тартип, коопсуздук жана тынчтыктын түзүлө албай жатышынын себебинен ал өлкөгө саякат кылбоо эскертүүсүн жасады. Министрлик Йемендеги жарандардын да ал өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылды.
Бир тараптан Йемендин Хадрамевт облусунда бир унаанын мунай зат танкерине урунуп алынышынын себебинен жарылуу болуп 20 киши каза тапты, 30 киши жаракат алды.
Жаралуулардан айрымдарынын абалдары оор экендиги белгиленген жарылууда, көп сандаган унаа да өрттөндү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар