БУУнун жардам миссиясы

БУУнун Ооганстандагы жардам миссиясынын кызмат мөөнөтү 1 жылга узартылды.

268597
БУУнун жардам миссиясы

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ооганстанда кызмат кылган БУУнун жардам миссиясынын кызмат мөөнөтүн 1 жылга узартты.
Коопсуздук кеңешиндеги добушка салуунун жыйынтыгында Ооганстандагы жардам миссиясынын мөөнөтү 2016-жылдын 17-февралына чейин узартылды.
БУУнун Ооганстандагы өкүлү Николай Хейсома кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Ооганстан менен Талибандын ортосундагы тынчтык процессинин маанисине да токтолду.
Ооганстанда 2014-жылдагы кагылышууларда каза болгон жергиликтүү жарандардын саны мурдагы жылга салыштырмалуу 22 пайыз өсүп, акыркы беш жылдын эң жогорку деңгээлине жеткен болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар