Пакистандын учкучсуз аба унаасы
Учкучсуз аба унаасынын Пакистандын террорго каршы күрөшүндө таасирдүү болушу максат кылынууда
263396
Пакистан алгачкы учкучсуз унаасынын ийгиликтүү учканын билдирди. Пакистан армиясынан берилген маалыматта : «Бурак аттуу унаадан атылган лазер ракета жердеги туруктуу жана кыймылдуу буталарын ийгиликтүү мээлди»,- деп айтылды. Ар кандай аба шарттарында учуу жана душман буталарын атуу потенциалына ээ экени белгиленген учкучсуз аба унаасынын Пакистандын террорго каршы күрөшүндө таасирдүү болушу максат кылынууда.