Израиль 17 - марттагы эрте жалпы шайлоого даярданууда
Нетаньяху өкмөтү 21 ай гана жашады
263325
Коомдук иликтөөлөргө караганда Жумушчу партиясы менен борбордогу «Кадима» партиясынын биригүүсүнөн турган «Сионисттик биримдик» партиясы 120 мүчөлүү парламентте 26 орунду алат. Премьер – министр Нетаньяхунун «Ликуд» партиясы болсо 22 орунду алат. Израилде эрте жалпы шайлоо Беньямин Нетаньяхуга карата ишеним добушу катары көрүлүүдө. Израилде акыркы өкмөт кризиси Нетаньяхунун 6 министрди кызматтан алуусу жана парламенттин таркатылуусу менен чыккан. Израиль курулушунан бери 20 - жолу жалпы шайлоо өткөрөт. Статистикалар Израилде бир өкмөттүн өмүрүнүн орточо 3 жыл экенин көрсөтсө, акыркы Нетаньяху өкмөтү болсо 21 гана ай жашай алган.