Ак үйдө дагы бир коопсуздук чатагы
Жашыруун Сервистин жогорку даражажагы эки кызматкери тууралуу териштирүү ачты
АКШ ички коопсуздук министрлиги, катышкан бир шаан – шөкөттө ичимдик ичип мас болгондон кийин Ак үйдүн барьерлерине машина менен сүздү деген сөздөр менен Жашыруун Сервистин жогорку даражажагы эки кызматкери тууралуу териштирүү ачты.
4- мартта болгон окуядан кийин Жашыруун Сервистин директору Жосеф Клэнсиге маалымат берилген жана Клэнси да ички коопсуздук министрлигинин тийиштүү болгон бөлүмүнө кайрылып окуянын иликтенүүсүн суранган. Бул процессте окуяга аралашкан эки коопсуздук кызматкерине пассивдүү кызмат берилди. Дүйнөнүн эң жакшы коргоого алынган жерлеринин бири катары көрсөтүлгөн Ак үйдүн коопсуздугун түзүү менен милдеттүү Жашыруун Сервис акыркы айларда бир топ коопсуздук чыр – чатак менен күн тартибине келди. Ушундай окуялар менен сынга алынган Жашыруун Сервистин мындан мурунку директору Жулия Пирсон 2014 – жылы 1 - октябрда кызматынан кеткен. Пирсондун ордуна өкүл катары Клэнси февраль айында президент Барак Обама тарабынан бул кызматка дайындалган.