Махмуд ес – Субейхинин Аденге качканы билдирилди

Хусилердин саясатка куралдуу кийлигишүүсү өлкөдөгү саясий бөлүктөр тарабынан «зомбулук» катары мүнөздөлүүдө

253390
Махмуд ес – Субейхинин Аденге качканы билдирилди

Йеменде хуси террористтери тарабынан үйү курчоого алынган коргоо министри генерал – майор Махмуд ес – Субейхинин Аденге качканы ортого салынды.
Субейхинин коргоочуларынан атын берүүнү каалабаган бир киши хусилер тарабынан борбор шаар Санада үйү курчоого алынган Субейхинин үйдөн качып Аденге барганын белгиледи. Булак тема тууралуу кенен маалымат бербестен расмий каналдар да окуя тууралуу азырынча маалымат бере элек. Хуси террористтери коргоо министри Махмуд ес Субейхинин борбор шаар Санадагы үйүн 2015 - жылдын 24 - январынан бери курчоого алып жаткан. Узун убакыттан бери саясий кризис болуп жаткан Йеменде өкмөт жана президенти Хадинин январь айында арыз берүүсүн билдиргенден кийин хусилер 6 - февралда парламентти таркаткан болчу. Хусилердин саясатка куралдуу кийлигишүүсү өлкөдөгү саясий бөлүктөр тарабынан «зомбулук» катары мүнөздөлүүдө.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар