Иракта бомбалуу кол салуу

Салахаддин шаарында жасалган кол салууларда 7 киши каза болуп, 51 киши жараланды

253407
Иракта бомбалуу кол салуу

Борбор шаар Багдат менен Салахаддин шаарында жасалган кол салууларда 7 киши каза болуп, 51 киши жараланды. Жарылуучу зат жайгаштырылган бир унаанын борбор шаардын Жаңы Багдат аймагындагы текшерүү жеринде жарылуусу менен 3 киши каза болуп, 15 киши жараланды. Ел – Беййа аймагында болсо жол жээгине жайгаштырылган бомба жарылды. Жарылуда 2 киши каза болуп, 8 киши жараланды. Салахаддин аймагына караштуу Тузхурмату шаарынын Уксу районунда күрттөрдүн партиясы Күрдстан мекен сүйүүчүлөр бирдигинин имаратынын жакындарында бомба жайгаштырылган бир унаанын жарылуусу менен да 2 киши каза болуп 28 киши жараланды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар