Харрисон Форддун учагы кырсыкка учурады

Белгилүү актер башынан жараланды

251260
Харрисон Форддун учагы  кырсыкка учурады

Америкалык белгилүү актер Харрисон Форддун учагы кырсыкка учурады. 72 жаштагы актер башынан жараланды, бирок коркунучтуу нерсенин жок экени жана аң – сезиминин ордунда экени билдирилди.
Форддун Лос Анжелес шаарында бир гольф аянтынын үстүндө учкан 2 кишилик учак оболу тең салмактуулугун жоготту, андан кийин да дарактарга урунуу менен жерге түштү. Учактын моторлорнудгаы техникалык бузуктуктан улам кырсыкка учураганы болжолдолууда. Учактарга жана авиацияга кызыкканы билинген Форд «Жылдыздардын согушу» жана «Индиана Джонс» кинолорундагы ролдору менен атын легендарлуу актерлордун арасына жаздырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар