Балкандардан Афганстанга 102 аскер

Балкан өлкөлөрүнөн 102 аскер Афганстандагы «Чечкиндүү колдоо» деген миссияга кошулуу үчүн бул өлкөгө кетти

248987
Балкандардан Афганстанга 102 аскер

 81 хорват, 2 албан, 16 черногориялык, 2 бошянк жана 1 Македония аскеринен турган бөлүк үчүн Хорватиянын борбор шаары Загребдеги Полковник Марко Живкович казармасында кечээ аскердик салтанат өткөрүлдү. Салтанатка катышкан Хорватиянын президенти Колинда Грабар Китарович аскерлерди Афганстан калкы менен жакын байланыш курууга чакырып, алдыбыздагы айларда өздөрүн зыярат кыларын айтты.
Хорватиянын башкы штабынын төрагасы генерал Драго Ловрич болсо беш өлкөнүн аскерлеринен турган бул бөлүктүн Адриятика келишимине мүчө өлкөлөрдүн глобалдык тынчтык жана коопсуздуктун түзүлүшү жолундагы кызматташтыктын көрсөткүчү экенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар