Пакистан - Индия сүйлөшүүлөрү

Пакистан – Индия карым – катнаштары тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде каралды

247686
Пакистан  -  Индия сүйлөшүүлөрү

Пакистан жана Индиянын тышкы иштер министрлери башта Кашмир маселеси болуу менен өлкөлөрдүн ортосундагы келишпестиктерди сүйлөшүү үчүн чогулушту. Индиянын тышкы иштер министри Субраманын Чандрашикар эки күндүк Пакистан сапарынын негизинде пакистандык кесиптеши Азиз Ахмет Чодри менен жолугушту. Жолугушууга эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан баа берилгенден кийин диалог процессинин кандай баратканы белгилүү болот. Пакистан менен Индия көз карандысыздыгына жетишкен 1947 - жылдан бери үч жолу согушту, көптөгөн жолу да согуштун босогосунан кайтты.
Эки тараптуу карым – катнаштар акыркы болуп Пакистандын премьер – министри Наваз Шерифтин Индиянын премьер – министри Нарендра Модинин ант берүү аземине катышуусу менен түзөлүүгө кирген. Бирок Пакистан элчисинин кашмирдик согушчандар менен сүйлөшүүсүнөн кийин Индия диалог процессин кайрадан токтоткон, андан кийин да эки өлкөнүн чек арасындагы күзөттө турган бөлүктөрдүн арасында кагылышуулар болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар