Орусия жана Украина жаратылыш газ тууралуу бул ай үчүн келишти

Александр Новак Украинага март айынын акырына чейин алдыңкы төлөмдүн төлөнүүсү шарты менен газ беришерин белгиледи

245400
Орусия жана Украина жаратылыш газ тууралуу бул ай үчүн келишти

Эки өлкөнүн энергетика министрлеринин баалашуусуна арачылык кылган Европа Комиссиясынын энергия биримдигинен жооптуу мүчөсү Марос Сефкович : «Украинанын муктаждыгы үчүн кыш пакетинин толугу менен ишке ашуусун ишеним астына алууда ийгиликтүү болдук»,- деди.
Орусиянын энергия министри Александр Новак да Брюсселдеги үч тараптуу жыйындан кийин басма сөзгө жасаган маалыматында Украинага март айынын акырына чейин алдыңкы төлөмдүн төлөнүүсү шарты менен газ беришерин белгилеп, Киев башкаруусунун азырынча күндө 10 миллион метр куб газ талап кылганын айтты. Орусия жактоочуларынын көзөмөлүндөгү аймакка бериле турган жаратылыш газдын кыш пакетине киргизилүүсү тууралуу макулдашышканын билдирген Новак Украинанын жай мезгилиндеги газ экспорту шарттарын болсо айдын акырында баалашышарын сөздөрүнө кошту.
Орусия жана Украинанын ортосундагы жаратылыш газ келишпестигинен улам газ өткөрүүдө маселе чыгуусун каалабаган Европа Биримдиги эки өлкөнүн энергетика министрлеринин сүйлөшүүлөр үчүн Брюсселге чакырган болчу. Тараптар Европа Биримдигинин арачылыгында октябрь айында жаратылыш газдын кандай шарттарда берилери тууралуу келишимге барышса да төлөмдөр жана Украинанын чыгышына бериле турган газ тууралуу кризис чыккан. Орус Газпром Украинанын март айы үчүн алдын ала төлөмдөрдү төлөшү менен бул өлкөгө берилген газдын токтотулары боюнча эскерткен.
Европа Биримдигинин жаратылыш газ каржоонун 30 пайызын камсыз кылган Газпром бул көлөмдүн жарымын Украина аркылуу өткөн түтүк жолу менен жеткирет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар