Москвада  Немцов менен коштошуу

Президент В. Путин жана премьер – министр Димитрий Медведев болсо салтанатка катышкан жок

245894
Москвада  Немцов менен коштошуу

Жума күнү учураган кол салууда каза болгон орус оппозициячыл лидер Борис Немцовдун жаназасы жерге берилди.
Президент В. Путиндин Украина саясатына жана өлкөдөгү коррупцияларга катуу каршы чыккан Немцов үчүн өткөрүлгөн салтанатка миңдеген киши катышты. Москвадагы Сахаров Борборунда өткөрүлгөн салтанатка катышкандардын арасында депутаттар, федералдык жана аймактык өкүлдөр да катышты. Президент В. Путин жана премьер – министр Димитрий Медведев болсо салтанатка катышкан жок. Польша жана Латвиялык парламентарлардын Орусияга санкция жасоосуна жардам беришкен деген негиз менен жаназа салтанатына катышуусуна уруксат берилген жок.
Путинге каршы митинг уюштуруу үчүн жарыя таркатты деген негиз менен 15 күндүк мөөнөт менен камоого алынган оурс оппозициячыл лидер Алексей Навалниге да жаназа зыйнатына катышуу уруксаты берилген жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар