Күн энергиясы менен иштеген учак

Solar Impulse дүйнө туруна чыгууга даярданууда

241770
Күн энергиясы менен иштеген учак

Күндүн энергиясы менен материктерди ашып атын тарыхка жаздырган алгачкы учак Solar Impulse дүйнө туруна чыгууга даярданууда.
Тест учуулары болгон ылдамдыгы менен уланып жаткан учактын максаты март айында жолго чыгып 5 айга созула турган жолчулук менен дүйнө туруна чыгып, атын дагы бир жолу тарыхка жаздыруу. Solar Impulse Испаниядан Мароккого, Сан Франсискодон Нью – Йоркко чейин тест учууларын ийгиликтүү ишке ашырды. Швейцарияда чыгарылган учак дүйнө турун март айында Бириккен Араб Эмирликтеринин Абу Даби шаарынан баштайт. Эки швециялык учкуч алмашуу менен уча турган жүргүнчүлүк 5 айга созулат. Авиацияда жол ачкан проекти келечекте бир гана Күн энергеиясы менен учуп экологияны кирдетпей турган жаңы учактар үчүн олуттуу бир башталгыч модели катары кабыл алынууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар