Италияда кагылышуулар

Полиция менен митингчилердин ортосунда чыккан кагылышууда да 4 киши жараланды

241969
Италияда кагылышуулар

Италиянын борбор шаары Римде мигранттардын жактоочусу протестчилер менен полициянын арасында кагылышуу чыкты. Баррикада курган полиция митингге чыккандарга калкан жана дубинкалар менен кийлигишти.
Түндүк лигасынын лидери Маттео Салвинин мигранттарга каршы мамилесин протест кылган митингчилерден кээ бирлери полицияга туман бомбасын ыргытты. Протестке чыккандар полицияга каршы митингчилердин Жер Ортолук деңизден Европага өтүп баратып шиширилген кайыктарды тосмо катары колдонду. Полиция менен митингчилердин ортосунда чыккан кагылышууда да 4 киши жараланды. Жума сайын жүздөгөн мигрант Жер Ортолук деңизден Европага кеткен үмүт жолчулугунда Италиянын жээк коопсуздук топтору тарабынан куткарылууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар