Орусия Кипрдин Рум бөлүгү менен аскердик тармакта кызматташууда

Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада Кипрдин Рум бөлүгүнүн лидери Никос Анастасиадисти кабыл алды.

238307
Орусия Кипрдин Рум бөлүгү менен аскердик тармакта кызматташууда

Орусия Кипрдин Рум бөлүгү менен аскердик кызматташтык келишимине кол койду.
Келишимге ылайык Кипрдин Рум бөлүгү портторун орус согуштук кемелерине ачат.
Орусиянын президенти Владимир Путин борбор шаар Москвада Кипрдин Рум бөлүгүнүн лидери Никос Анастасиадисти кабыл алды.
Сүйлөшүүдөн кийин лидерлер инвестиция, билим берүү, аскердик сыяктуу 9 башка тармакта кызматташтык келишимине кол коюшту.
Путин Кипрдин Рум бөлүгү Орусиянын террор жана каракчылар менен күрөшүүчү согуштук кемелерине портторун ачаарын айтты.
Орус лидер Путин бул келишимдин эч кимге каршы кыймыл эмес экенин айтты.
Орусия айрыкча Кипрдин Рум башкаруусуна экономикалык ырааттуулук камсыздалышы максатында мындан мурда берилген 2 жарым миллиард евролук карызды кайрадан эсептеп чыкты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар