Ооганстанда жан кечтилик кол салуу болду

Ооганстандагы жан кечтилик кол салууда түрк жараны каза болду.

238082
Ооганстанда жан кечтилик кол салуу болду

Ооганстандын борбор калаасы Кабулда бомба жүктөлгөн унаа менен жан кечтилик кол салуу болуп, 1 түрк жараны каза тапты жана 1 түрк жараны жараланды.
Кол салууда жолдон өтүп бара жаткан бир афган да каза болду.
Бул окуянын жоопкерчилигин Талибан моюнга алды.
Ооганстандын ички иштер министринин орун басары Эйүп Саланйи жан кечтилик кол салуунун түрк жарандары колдонгон унааны бутага алганын айтты.
Кол салуу эртең менен түрк, немис жана Иран элчиликтери орун алган аймакта болду.
Каза болгон жана жаракат алган түрк жарандарынын ким экендиктери туурасында азырынча ачыктоо жасала элек.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар