Жибутиге 6 тез жардам унаасы берилет
Келишимге эки өлкөнүн саламаттык сактоо министрлери кол коюшту.
231460
Түркиядан Жибутиге бериле турган толук жабдылган 6 тез жардам унаасы үчүн эки өлкөнүн ортосунда келишимге кол коюлду.
Келишимге саламаттык сактоо министри Мехмет Мүеззиноглу менен Жибутинин саламаттык сактоо министри Кассым Иссак Осман кол коюшту.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Жибутиге жасаган сапары убагында бул өлкөгө толук жабдылган 6 тез жардам унаасынын берилүүсү жөнүндө буйрук бергенин эске салган Мүеззиноглу өлкөдө 50 орундуу балдардын ооруканасын куруу үчүн да жер бөлүнө турганын баяндады.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718746912)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.