Украина армиясы куралдарын чыгарбайт

Украина төлөмү мурунтадан төлөнгөн жаратылыш газын Орусиянын бербегенин билдирди

230404
Украина армиясы куралдарын чыгарбайт

Украина армиясы Орусия жактоочуларынын кол салуулары токтогонго чейин фронттон куралдарды чыгарбай турганын билдирди.
Башта Дебальцево болуп стратегиялык аймактарда курал үндөрү келүүдө. Орус улуттук Мекен коргоочулары майрамын белгилеген чыгыштагы Орусия жактоочулары болсо көчөлөргө чыгышты. Тараптар ок атууну токтотуунун эрежелеринин бузулушунан бири бирин күнөөлөп, жарандар согуштун жана аба шарттарынан улам кыйын абалда. Экономика жана энергетика маселесин чечүүгө аракет кылып жаткан Украина төлөмү мурунтадан төлөнгөн жаратылыш газын Орусиянын бербегенин билдирди.
Орус мамлекеттик телекөрсөтүүсүнө маалымат берген В. Путин болсо Украина менен Орусиянын ортосунда согуштун чыгуусуна мүмкүнчүлүк бербегенин, ок атууну токтотуу иштебесе жаңы бир ок атууну токтотууну сүйлөшүүнүн кереги жоктугун белгиледи. Бир тараптан БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн конференцияда Орусия жана АКШнын делегациялары бири бирин күнөөлөштү. Тараптар Сирия жана Украина кризистеринде маселенин тереңдешинен бири бирин күнөөлөдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар