Ооганстанда 30 жүргүнчү Талибан тарабынан качырылды

Качырылгандардын куткарылуусу үчүн операция баштатылганы билдирилди.

230202
Ооганстанда 30 жүргүнчү Талибан тарабынан качырылды

Ооганстандын түштүгүндөгү Забул шаарында бир автобустагы 30 жүргүнчү Талибан тарабынан качырылды.
Жергиликтүү маалымат булактары Талибан террористтеринин автобуст Шах Жой районуна токтогондон кийин ичиндеги 30 кишини түшүрүп белгисиз жерге алып кеткендерин баяндашты.
Шах Жой губернатору Абдул Халик Айуби окуяны ырастап качырылгандардын куткарылуусу үчүн операция баштатылганын айтты.
Талибандан окуяга байланыштуу азырынча маалымат келген жок.
Бир тараптан Ооганстандын аткаруу делегациясынын төрагасы Абдуллах Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жакында баштала турганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар