Адам укуктарын жактоочу Malcolm X эскерилди

Малколм Х Нью-Йоркто жүздөгөн киши катышкан азем менен эскерилди.

227691
Адам укуктарын жактоочу  Malcolm X эскерилди

Америкалык мусулман адам укуктарын жактоочусу Malcolm Х өлтүрүлгөнүнүн 50-жылында Нью-Йоркто жүздөгөн киши катышкан азем менен эскерилди.
АКШда жикчилдикке каршы эң таасирдүү күрөшүүнү жүргүзгөн кара активисттерден болгон Malcolm X 1965-жылы 21-мартта сөз сүйлөп жатканда үч куралчан тарабынан атылган. Ал үчүн ошол залда эскерүү аземи уюштурулду.
Нью-Йорктун кара коомчулугу менен таанылган Харлем районундагы аземге Malcolm Xтин кызы Илиаса Шабазс менен катар көп сандаган саясатчы, искусство чебери жана адам укуктарын жактоочулар катышты.
Нью-Йорк штатынын сенатору кенже Жеймс Сандерс болсо АКШнын президенти Барак Обамага Malcolm Хтин өлүмүнө байланыштуу доонун кайрадан коюлушу чакырыгын салды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар