ДАИШ 21 кыптини өлтүрүп койду

Бул көрүнүштөр Египетте болгонундай эле дүйнөдөн да катуу каршылыкты тартты.

219468
ДАИШ 21 кыптини өлтүрүп койду

Террор уюму ДАИШ уурдап кеткен 21 египеттик христианды өлтүрүп салды.
Уюм Ливияда өткөн айларда уурдалып кеткен кыптилердин кырылышын көрсөткөн видео жарыялады.
Бир канча мүнөттүк видео көрүнүшүндө кара кийимчен террористтердин кызгылт сары түстүү кийимчен топ менен жээкти көздөй басканы орун алган.
Бир катар тизилген топтун ортосунда башкача кийим кийген бир киши англис тилинде сөз сүйлөп жатат. Андан соң барымтадагыларга жырткычтай түрдө кыргын салынат.
Видеодо египеттиктердин өлтүрүлгөн жери катары Ливиянын борбор шаары Триполи шаарынын жээги деп көрсөтүлөт.
Египеттин православ чиркөөсүнүн катчысы Поулес Халим Египеттин «Эш-Шаркул Авсат» маалымат агенттигине берген маалыматында видео көрүнүшүндө мууздалган кишилердин Ливияда уурдалган 21 египеттик кыпти болгону ырасталган.
Православ чиркөөсүнүн өлтүрүлгөндөрдүн үй-бүлөлөрүнө көңүл айтканын билдирген Халим, бул темага байланыштуу тышкы иштер министрлиги баштаган расмий органдар менен байланышта болгондорун белгиледи.
Бул көрүнүштөр чыккан соң Египетте 7 күн аза күтүү жарыяланды.
Телеканалдан элге кайрылган Египеттин президенти Абдулфеттах эс-Сиси террор уюму ДАИШтин кыргыны туурасында, «Египет, ылайыктуу убакта жана ылайыктуу түрдө мунун жообун берүү, эң жөнөкөй адамзаттык насиби болбогон бул мыкаачылардан өчүн алуу укугун сактайт»-деп айтты.
Бул көрүнүштөр Египетте болгонундай эле дүйнөдөн да катуу каршылыкты тартты.
АКШ, террор уюму ДАИШтин египеттиктердин «мыкаачылык менен жана коркокчо» өлтүрүлүшүн айыптады.
Ак үйдүн жарыясында кол салуунун Ливияда кагылышууларга шашылыш түрдө чечим табылышы керектигин дагы бир жолу алдыңкы планга чыгарганын белгилеп, Ливия калкына террордук кыймылдарды күчтүү түрдө четке кагуу чакырыгын таштады.
Анда, Бириккен Улуттар Уюмунун Ливия боюнча атайын өкүлү Бернардино Леондун Ливия үчүн улуттук биримдик өкмөтүнүн түзүлүшү боюнча чакырыгына жана өлкөдө саясий чечим табуунун өнүктүрүлүшүнө жардам бере турган аракеттерге күчтүү колдоо көрсөтүлгөнү белгиленди.
Ливияда күчөп бараткан ДАИШтин себебинен Италия коопсуздук чара көрүүсүн күчтөндүрдү.
Ливияда дипломатиялык иш-чараларын жүргүзгөн жалгыз батыштык өлкө болгон Италия, Триполидеги элчилигин убактылуу жапты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар