Түркия менен Иран кол кармашуусу керек

Ирандын мурдагы президенти Ахмединежад олуттуу ачыктоолорду жасады...

215699
Түркия менен Иран кол кармашуусу керек


Сегиз жыл бою Батышка моюн сунбаган жана өлкөсүнүн атомдук иш-чараларынан баш тартпаган Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмединежад ТРТга маек куруп берди.
Аймактын эки чоң күчү болгон Түркия жана Ирандын кол кармашуусу керектигин баса белгилеген Ахмединежад, Ислам өлкөлөрүн кайраштурууга аракет кылынып жатканын, бул тузакка түшпөө керектигин баса белгиледи.
Ахмединежад Ирандын атомдук иш-чаралары темасында да буларды айтты: «Бул тема Иран үчүн улуттук маселе. Партиялардан жогору, саясаттан жогору турат. Иран атомдук куралдардын жайылышына бөгөт болуу келишимине кол койгон жана максаты жалгаз гана атомдук энергия өндүрүү. Курал эмес атомдук энергия ар бир өлкөдө болгону сыяктуу Ирандын да укугу болуп саналат».
Ахмединежад Түркиянын Палестина калкын ар дайым колдоп жатканын мактоо менен сөз кылды.
Ал: «Иерусалим бардыгыбыздыкы. Бүтүндөй мусулмандардын ыйык жери. Месчид-и Аксада болгон окуялар бардыгыбызды терең жаралады, муну эч качан кечирбейбиз. Басып алынган жерлерде тынымсыз кан төгүлүүдө. Түркия да Палестина доосуна акырына чейин колдоо көрсөтөт жана бул бизди сыймыктандырат»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар