Мюнхен коопсуздук конференциясы

Эл аралык коопсуздукка байланыштуу актуалдуу темалар Германиянын Мюнхен шаарында каралууда

213395
Мюнхен коопсуздук конференциясы


51 - Мюнхен коопсуздук конференциясы иштерин баштады. Көп сандаган эл аралык мекемелердин секретариаты жана жыйырмадан ашуун өлкөнүн өкмөт жана мамлекет башчылары катышкан конференцияга Украина маселеси тамгасын басты. Конференциянын ачылышында сөз сүйлөгөн НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинадагы согуштун чукул түрдө соңуна чыгуусу үчүн чакыруу салды. Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Лайен болсо Украина армиясына курал жардамын берүүгө каршы экендерин баса белгиледи.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Американын вице - президенти Пётр Порошенко менен Германиянын канцлери Ангела Меркель да жыйындын катышуучуларынын арасында болду. Жыйындын алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Булуң өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Жолугушууда булуң өлкөлөрү, АКШ жана эл аралык коомдон Йемен тууралуу дагы күчтүү кадамдардын ташталуусу керектиги суранылды.
Жон Керри Ирандын тышкы иштер министри Жеват Зариф менен да жолугушту. Жолугушууда Керри Ирандын атомдук программасы тууралуу кризистин март айынын акрына чейин чечилүүсү керектигин билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар