АКШ катуу жамгыр жаашы менен күрөшүүдө
Орегон аймагында болсо катуу шамал дарактарды кулатты
АКШнын Вашингтон, Орегон жана Калифорния аймактары суук абадан кийин бул жолу да ысык аба толкуну жол ачкан катуу жамгыр жаашы менен күрөшүүдө. Вашингтон аймагында жамгыр жаашы сел жана жер көчкүгө жол ачты. Жолдор жабылып, көп сандаган киши унааларынан чыкпай калды.
Орегон аймагында болсо катуу шамал дарактарды кулатты. Катуу жамгыр жаагандан кийин дарыялар толуп ташты. Калифорниянын түндүгүндө да жыл сайын февраль айынын башында болгон жана аймакта «жамгыр дарыясы» деп аталган мезгил башталды. Катуу шамал аба транспортуна да тескри таасирин тийгизди. Сан Франсиско аэропортунда 80 каттам токтотулду, көп сандаган каттам да кечеңдетилди. Аймакта 114 миң үй жана иш жерине болсо электр бериле албай жатат.
Тектеш кабарлар
![Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/8087/bb25/775e/6673ea3f1f3ab.jpg?time=1718880704)
Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда
Путинди борбор шаар Ханойдо Вьетнамдын президенти То Лам мамлекеттик салтанат менен тосуп алды.