Тунисте жаңы курулган өкмөт ишеним добушун алды

Тунисте өткөн октябрь айында жалпы шайлоодо үкөктөн «Нида Тунис» биринчи, «Нахда кыймылы» экинчи болуп чыккан

213000
Тунисте жаңы курулган өкмөт ишеним добушун алды

217 орундуктуу парламентте 166 депутат өкмөттө ишеним добушун берип 30 депутат кабыл болбогон добуш берсе, 8 депутат арсар болду. Добуш берүүнүн натыйжасында Хабиб Сид жетекчилигинде курулган жана лаицизм жактоочусу «Нида Тунис» партиясы менен консерватор «Нахда кыймылынан» да өкүлдөр катышкан өкмөт парламентте ишеним добушун алды. Тунисте өткөн октябрь айында жалпы шайлоодо үкөктөн «Нида Тунис» биринчи, «Нахда кыймылы» экинчи болуп чыккан.
Президент Баси Сибси тарабынан өкмөттү куруу менен милдеттендирилген «Нида Тунис» партиясынын талапкери жана мурунку ички иштер министри Хабиб Сид өткөн айда бир кабинет түзгөн бирок араларында «Нахда кыймылы» да болгон кээ бир партиялар бул кабинетке ишеним добушун беришпей турганын билдирген. Ушул боюнча Нахда мүчөлөрү да орун алган жаңы бир кабинет түзүлгөн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар