Украинанын чыгышындагы кагылышуулар улантылууда

Ак үй Украина армиясына курал берилишинин кризиске чечүүчү жол таба албай турганын билдирди

208244
Украинанын чыгышындагы кагылышуулар улантылууда

Донецк менен Лугансктын ортосунда темир жолу өткөн Дебальцево шаарында акыркы күндөрдүн эң катуу кагылышууларда 16 жаран дагы каза болду. Ракеталар, пулемет октору отурукташуу жерлерин жер менен жексен кылды. Украина аскерлери Орусия жактоочуларынын шаарды алуу аракеттерин көптөгөн жолу майтарды. Аскерлер шаардын Орусия жактоочулары тарабынан курчоого алынганы боюнча ойлорду жалганга чыгарды. Донецкте да таңга чейин курал үндөрү, жарылуулар токтогон жок. Кагылышууларда ондогон киши жараланып, үйлөр кулады. Ошол эле учурда АКШдан Украина саясаты тууралуу баш – аламан билдирүүлөр келүүдө. Ак үй Украина армиясына курал берилишинин кризиске чечүүчү жол таба албай турганын билдирди. Билдирүүдө Орусияга Украина тууралуу таасир берүүнүн эң жакшы жолунун экономикалык санкциялар экени жакталды. «New York Times» гезити андан мурда Обама башкаруусунун Украина армиясына өлтүрүүчү курал бербөө чечимин карап чыкканын жазган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар