Украина-Орусия-ЕККУ жыйыны тарап кетти

Украина-Орусия-ЕККУ үчтүгү мунасага келе алышкан жок.

205264
Украина-Орусия-ЕККУ жыйыны тарап кетти

Украинанын чыгышындагы курч кырдаалдын жоюлушу үчүн Беларустун борбор шаары Минскте өткөрүлгөн Украина-Орусия-ЕККУ үчтүгүнүн сүйлөшүү тобунун жыйналышында макулдашууга жетишилген жок.
Эки тарап жолугушуулардан майнап чыкпай калган соң бири-бирилерин күнөөлөштү.
Медиага жабык өткөн жыйналышка Украинанын атынан мурдагы мамлекет башчы Леонид Кучьма, Орусиянын Киевдеги элчиси Михаиль Зурабов, ЕККУнун Киевдеги өкүлү Хайди Тальявини менен Украинанын чыгышында жикчилдер тарабынан бир жактуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялаган Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын өкүлдөрү Денис Пушилин жана Владислав Дейнего катышты.
Жыйындын катышуучулары жолугушуудан кийин эч кандай жарыя кылбастан тарап кетишти.
Чыгышта ок атпоонун камсыздалышы үчүн 5 жана 19-сентябрда Минскте чогулган эки тарап, ок атпоо жана барымтадагылардын эркин кое берилишине байланыштуу протоколь менен ок атпоо процессинин башталышы туурасында меморандумга кол коюшкан.
Эки тарап эң акыркы жолу 25-декабрда жолугуп, андагы сүйлөшүүдөн майнап чыккан эмес.
Украинанын чыгышында 2014-жылы 9-декабрда орусиячылдар менен армиянын ортосунда көздөлгөн «жымжырттык» режиминин ишке ашырыла башташынан кийин кагылышуулар жана өлүмдөр азая түшкөн. Чыгыштагы курч абалдын акыркы күндөрдө кайрадан жогорулашы менен аймактагы кагылышуулар жана өлүмдөр көбөйгөнүнүн себебинен тийиштүү тараптар үчтүк сүйлөшүү тобунун Минскте жолугушуусу боюнча макулдашууга жетишишкен.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар