Жакынкы Чыгыш төрттүгү Брюсселде чогулду

Европа Биримдиги, АКШ, Орусия жана БУУнун өкүлдөрү Израиль-Палестина маселесин чечүүгө аракет кылышууда.

198149
Жакынкы Чыгыш төрттүгү Брюсселде чогулду

Жакынкы Чыгыш төрттүгү Брюсселде чогулду.
Жыйында Израиль менен Палестинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кайрадан баштатылуусуна карата аракеттер каралды.
Жакынкы Чыгыш төрттүгүнө кирген Европа Биримдиги, АКШ, Орусия жана БУУнун өкүлдөрү Израиль-Палестина маселесинин чечилүүсү үчүн таштала турган кадамдарды талкуулашты.
Жыйында Жакынкы Чыгыш тынчтык процессинин жандандырылышы үчүн тараптар өз сунуштарын билдиришип, маселеге чечим табуу үчүн араб өлкөлөрү менен жакын иш алпарылышы жактырылды.
Айрыкча төрттүктүн эң кыска мөөнөттө жогорку деңгээлде чогулуусу керектиги белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар