Украинанын ички иштер министри Орусияга чакырык салды

Арсен Аваков: "Орусия тапшырып берүү процедурасын ишке ашыруусу керек".

185018
Украинанын ички иштер министри Орусияга чакырык салды

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков Орусияга чакырык салды.
Аваков: «Орусия укукка урмат-сый көрсөткөн өлкө экенин далилдегиси келип жатса Виктор Янукович менен Интерполдун тизмесиндеги башка жетекчилерди тапшырып бериши керек»,-деди.
Интерполдун Украинанын бийликтен кулатылган лидери Януковичке байланыштуу чечимин ыраазычылык менен кабыл алгандарын белгилеген Арсен Аваков, бул баскычтан кийин Орусиянын тапшырып берүү процедурасын ишке ашыруусу керектигин айтты.
Орусияда Януковичти табуунун оор эмес экенин белгилеген Аваков: «Янукович Орусияда жөнөкөй адамдар сыяктуу жашап жатат жана интервюларды берүүдө»,- деди.
Орус Интерфакс кабар агенттиги болсо орус өкмөтүнө жакын булактарга таянып берген маалыматында, Орусиянын Януковичти тапшырып берүүнү каалабаганын билдирди.
Виктор Янукович бийликтен кулатылгандан кийин Орусияга баш калкалаган болчу.
Ал «мамлекеттик мүлктү менчиктеген жана финансылык кылмыш жасаган» деп айыпталууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар