Нигерияда Боко Харам террору улантылууда

Англис медиа органы ББСи болсо каза болгондордун санынын 2 миңден ашуун экенин айтты

178976
Нигерияда Боко Харам террору улантылууда

Нигериянын түндүк чыгышындагы Бага шаарына кол салган террордук уюмдун жүздөгөн кишини өлтүргөнү белгиленди.
Бир аскердик базага кол салып андан кийин шаарчага да кол салган уюмдун шаардын дээрлик баарын өрттөгөнү билдирилди. Шаарчанын толугу менен жок болгонун белгилеген күбөлөр кол салууда жүздөгөн кишинин каза болгонун билдиришти.
Англис медиа органы ББСи болсо каза болгондордун санынын 2 миңден ашуун экенин айтты.
10 миң калкы болгон Багада дээрлик эч бир жарандын калбаганы, көчөлөрдүн сөөктөр менен толуп жана качкандардын сөөктөрдү алып кетүү үчүн кайтып келе албаганы билдирилди. Жуманын акырында жасалган кол салуудан кийин Багадан качкан кээ бир кишилердин да Чад дарыясынан өтүп жатып сууда каза болгону билдирилди. Өлкөнүн түндүгүндөгү үч аймакта өз күчүн көрсөткөн Боко Харам 2009 - жылдан бери кол салууларын улантууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар