Палестинанын Эл аралык кылмыш сотуна мүчөлүгү

Палестинанын Эл аралык кылмыш сотуна мүчөлүгү 1-апрелде күчүнө кирет.

177226
Палестинанын Эл аралык кылмыш сотуна мүчөлүгү

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги-Мун Палестинанын Эл аралык кылмыш сотуна жасаган кайрылуусун кабыл алды.
Ушундайча Палестина өз жерлеринде адамзаттыкка каршы жасалган кылмыштарды жана согуш кылмыштарын Эл аралык кылмыш сотуна алып барат.
Уюмдун билдирүүсүндө: «Эл аралык кылмыш сотунун процедураларынын алкагында Палестина мамлекети үчүн Рим келишиминин өкүмдөрү 2015-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирет»-деп айтылды.
Палестинанын Эл аралык кылмыш сотуна кабыл алынышы, Израилди басып алган жерлеринен чыгууга жана Паелсинанын мамлекет катары таанууга мажбурлай турган кеңири масштабдуу пландын бир бөлүгү.
Палестина, өткөн жылы Газадагы согушта жасалган кылмыштар менен катар Батыш Шериа жана Иерусалимдеги мыйзамсыз отурукташуу жерлерин Эл аралык кылмыш сотуна алып барууну пландоодо.
Израиль кылмыш сотуна мүчөлүк кайрылуусуна каршы чыгуу катары Палестинага бере турган 100 миллион доллардык салык кирешесинин тапшырылышын жойгон.
Америка Кошмо Штаттары да Палестинага бере турган 440 миллион доллардык жардамды карап чыга турганын жарыялаган.
Палестина Эл аралык кылмыш сотуна кирген 123чү өлкө болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар