Террордук уюм кыйрап баратканы айтылууда

Уюмда рухий кыйроо башталганы жана уюмдун 100 мүчөсү өлтүрүлгөнү алдыга коюлууда.

171720
Террордук уюм кыйрап баратканы айтылууда

Террор уюму ДЕАШта (ИШИМ) киши өлтүрүү айтымдары жайылды.
Уюмда рухий кыйроо башталганы жана уюмдун 100 мүчөсү өлтүрүлгөнү алдыга коюлууда.
Бул айтымдар Ирактын Ички иштер министрлигинин расмий интернет барагында орун алды.
Ирактын ички иштер министри Мухаммед Салим аль-Габбан, мүчөлөрдү өлтүрүүнүн уюмга баш ийүүчүлүгүнөн шек саноодон келип чыкканын белгиледи.
Габбан: «100 кишинин өлтүрүлүшү ИШИМде рухий кыйроо жана таркоонун башталганын белгиси»-деди.
Мухаммед Салим аль-Габбан чоң бөлүгү ИШИМ террордук уюмунун колунда турган Селахаддин шаарынын бир канча күндүн ичинде каратыла турганын сөз кылды.
АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн Ирак армиясына колдоо көрсөтүүсү ИШИМдин көзөмөлүндөгү айрым буталарга карай абадан кол салуу менен уланууда.
Бир тараптан Ирактын борбор шаары Багдадда үч башка кол салуу болуп 9 киши каза тапты, 20дан ашуун киши жаракат алды.
Багдаддын түндүгүндөгү Себ эл-Бул аймагына 2 минометтун огу түшүп кеминде 3 киши каза таап, 7 киши жаракат алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар